Ошто мэриянын алдында тынчтык митинги өттү
Кечээ, 2-август күнү саат 16:00 чамасында Ош шаарынын 10го чукул тургуну чыгып, тынчтык митингин өткөрдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, тынчтык митингдин катышуучулары жалпы элдин көйгөйү болуп жаткан маселелерди көтөрүп чыгышкан.
"Митингге чыккан жарандар кымбатчылык тууралуу, Ноокат районунун жолдору боюнча маселелерди айтып чыгышты. Алар "Улуу журт" партиясынын мүчөлөрү болушу мүмкүн, "шаардык кеңештин шайлоосу жокко чыгарылсын" деген дагы талаптарды коюшту. Ошондой эле сын-пикирлер дагы айтылды.
Алар "кымбатчылык элдин жанына тийди", "мыйзам баарына бирдей болушу керек" деген өңдүү жазуулары бар плакаттарды көтөрүп 10 мүнөткө чукул гана туруп тарап кетишти", - деп билдиришти маалымат кызматынан.
Топтолгондор жаңы шайланган шаардык кеңештин депутаттарын адилеттүү иштөөгө жана элдин үнүн угууга чакырышкан.



1 |