Жүрөк жарылчудай мезгил... Акжол Махмудовдун кичи мекенинде тургундар беттешти чогуу көрүүгө даярданышууда








Токио шаарында өтүп жаткан XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын алкагында кыргыз балбаны Акжол Махмудов бүгүн, 3-август күнү килем үстүнө чыгат.
Балбандын кичи мекени Араван районунда учурда оюнду көрүүгө атайын даярдыктар көрүлүп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Араван районунун акими Сейтек Кулубаев билдирди.
"Биздин райондо жергиликтүү бийлик балбан балабыздын беттешин жалпы элге көрсөтүүгө чоң даярдык көрүп жатат. Азыр маданият үйүнө экран коюлуп, Акжол Махмудовдун сүрөттөрү түшүрүлгөн баннерлери илинип жатат. Бүгүн, 3-августта оюн саат 16:30да башталат. Каалоочулар аталган маданият үйүнө келип, сыймыгыбызды бирге эл менен алга сүрөп турса болот.
Ал эми Акжолдун ата-энесин, тууган-туушкандарын алып келүү боюнча аталган айылдын айыл өкмөт башчысына тапшырмалар берилди", - деди Кулубаев.











1 |