super.kg logo

"Абалы канааттандырарлык". Ырчы Айдана Деканын апасы ооруканада

 

Ырчы Айдана Деканын апасы Жылдыз Деркембаева ооруканага жатып калды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазган.

"Кечээ эртең менен команда менен тимбилдинг өткөрүүгө Семёновское капчыгайына жөнөгөнбүз. Кыязы, физикалык жана эмоционалдык жүк жана бийик тоолуу жерлер таасир этти. Жүрөгүм кармап, тахикардия болуп, кан басымым көтөрүлүп кетти. Оң көзүмдөгү капиллярлар жарылган, жүрөк катуу кысылган. Дем алуум кыйын болуп, көзүм караңгылап, башым айланып кетти.

Жалпысынан алганда, абалым абдан оор болчу. Анан мага менин пульсум дээрлик 200гө жеткенин айтышты. Тоодо Орусиядан келген кесиби боюнча дарыгерлер Гүлмира менен Владислав жана менин кесиптештерим мага биринчи жардам көрсөтүштү.

Мени Чолпон-Атадагы ооруканага алып келишип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырышты. Ал жактан тамчылатма дары, укол, кычкылтек алып, болжол менен 5-6 саат жаттым. Кан басымым 160тан 120/80 нормасына чейин, пульсум дээрлик 200дөн 80ге түштү. Биринчи жардам көрсөткөн бардыгына рахмат айткым келет. Азыр абалым канааттандырарлык", - деп жазган Деркембаева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
03.08.2021. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ар кимдин апакеси аман болсун!
03.08.2021. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Иий каап эженин козу канталап кетиптир, бийик жерлерге барбашыныз керек эже
03.08.2021. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Айдана апасынын кочурмосу экен.
04.08.2021. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бийиктик давлениянызды которую салган го.Оорубаныз!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: