super.kg logo

Өмүрбек Текебаев: "Аскар Акаевдин "Кумтөр" үчүн күрөштө Кыргыз өлкөсүнө пайдасы тиет"

 

Аскар Акаевдин Кыргыз өлкөсүнө келиши жана “Кумтөр” иши боюнча УКМКга сурак берип жатканы тууралуу Өмүрбек Текебаевдин пикири "Ата Мекен" партиясынын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.

Айтымында, Аскар Акаевдин "Кумтөр" үчүн күрөштө Кыргыз өлкөсүнө пайдасы тиет.

"Узакка созулган "Кумтөр" алтын кенин Кыргыз өлкөсүнө алуу аракеттери эгемендүүлүк үчүн күрөштүн ачык, даана бир көрүнүшү. "Кумтөр" алтын кенин улутташтыруу боюнча президент Садыр Жапаров баштаган бийликтин демилгесин колдоп, баарыбыз бир болуп, колдон келген жардамды көргөзүшүбүз керек.
"Кумтөр" боюнча 2003-2009-жылдардагы келишимдерди Кыргыз өлкөсүнүн кызыкчылыгына каршы түзүлгөн коррупциялык келишим экенин далилдөө эл аралык сотто биздин өлкөнүн позициясын бекемдейт. Аскар Акаевдин ушундай тагдыр чечүүчү тарыхый учурда Кыргыз мамлекетине жардам берейин деген аракетин четке какпаганыбыз дурус. Аскар Акаев көптү билген, көрсөтмөлөрү салмактуу, ынанымдуу фигурант. Анын "Кумтөр" үчүн күрөштө Кыргыз өлкөсүнө пайдасы тиет.
Ал эми Акаевдин башкаруу дооруна бериле турган баа, эгер мыйзам бузуулары болсо, жоопкерчилиги өзүнчө башка маселе", - деп жазылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: