super.kg logo

"Сиздер үчүн дуба кылуудабыз". Муфтий Замир Ракиев Олимпиадага катышып жаткан спортчуларга ийгилик каалады

 

Кыргыз мусулмандарынын муфтийи Замир Ракиев Токиодогу Олимпиадага катышып жаткан спортчуларга ийгилик каалады. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, муфтий өлкөнүн намысын коргоп жаткан баатыр уул-кыздарыбызга дуба кылып, өлкөбүзгө жеңиш менен кайтып келүүсүн Жараткандан сурарын билдирген.

"Спорт - адам баласынын ден соолугунун башкы булагынын бири. Ал ден соолукту гана чыңдабастан, сергек жашоого дагы үндөйт. Спорт - тынчтыктын тиреги. Азыр эл аралык, жолдоштук мамилелер спорт аркылуу өсүп келет. Учурда өлкөбүздөгү чыгаан уул-кыздарыбыз Токио жайкы Олимпиада оюндарына катышып, мамлекетибиздин намысын коргошууда. Спортчуларыбыз өлкөбүздүн намысын көптөгөн ири эл аралык мелдештерде, анын ичинде Олимпиада оюндарында татыктуу коргоп келишкен жана коргой беришет. Албетте, мелдеш болгондон кийин бирөө жеңет, бирөө жеңилет. Жеңиш жана жеңилүү Алла Тааламдын буйругу менен болот.

Токио жайкы Олимпиада оюндарына катышып жаткан ар бир мекендешибиз мелдеш талаасына чыкканда толкунданып, жеңишке жетсе сүйүнүчүбүздө чек жок болуп турган мезгил. Мекенибиздин намысын коргоп жаткан баатыр уул-кыздарыбызга дуба кылып, өлкөбүзгө жеңиш менен кайтып келүүсүн Алла Тааладан сурайбыз. Биз сиздер менен жана дайыма сиздер үчүн дуба кылуудабыз", - деген муфтий.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(4)
03.08.2021. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Гүленчилер мындай нерселерди кату сүйөтта.
03.08.2021. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Pankration_MMA,кысталаак
03.08.2021. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аллах колдосун.
03.08.2021. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кечээ Абдышукур ажыкебиздин дубасынан кийин уялган окшойт бул муфтий
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: