super.kg logo

Аскар Акаевдин өлкөгө келишине реакция кылган белгилүүлөр

 

Өлкөнүн туңгуч президенти Аскар Акаев УКМК менен болгон сүйлөшүүлөрүнүн негизинде өлкөгө келди. Анын мекенине кайтып келиши айрымдардын нааразычылыгын жаратты. Каршы пикирлерин билдиргендердин арасында Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиев бар.


Ал коррупцияга жол бергендиги үчүн камалышы керек деп эсептейт. "1991-жылы Кыргыз өлкөсү эң бай мамлекеттердин катарында болгон. 15 жылдын ичинде Африкадагы жарды өлкөлөрдүн катарына кошулдук. Ак көңүл, ишенчээк, айкөл, кечиримдүү элим, силер эң жакшы жашоого татыктуусуңар. Силердей асылдарга 30 жылдан бери бүгүнкү күнгө чейин башкарып келе жаткандардын бири дагы татыктуу эмес", - деген.

Рэпер Тата Улан: "Уурулардын бабасы, коррупциянын атасы. Жакыр кылып элиңди, шүмүрөйүп келдиңби?".

Ал эми ырчы Самат Муратбековдун реакциясы көңүл ачуу маанайда болду. Ал жубайы менен биргеликте вайн тарткан. Анда Акаев менен учурашууга далалат кылган Токтайым Үмөталиеваны туурашкан.

Маалымат үчүн:

Белгилүү болгондой, Аскар Акаев 2-августта Бишкекке алып келинип ведомстволор аралык тергөө тобуна өткөрүлүп берилген.

Ага "Кумтөр" долбоорун ишке ашыруудагы коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөө алкагында издөө жарыяланган. Буга байланыштуу УКМК тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында, 2-августта Бишкекке алып келинди.

Акаев Кыргыз өлкөсүн 1990-2005-жылдары башкарган. 2005-жылдагы март окуясында бийликтен кулатылгандан кийин үй-бүлөсү менен Орусияга чыгып кеткен, ошондон бери мекенге келе элек болчу. 3-августта ал Кеминге барганы, аны жылуу тосуп алган видео жарыяланды.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(3)
05.08.2021. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чыгып кеткен дебей качты десе туура болчудай.
06.08.2021. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанды сазга батырган ушул киши аны эч ким тана албайт.
06.08.2021. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарынан да Кайрат суйлобой эле койбоптур. Кече эле былжырап туз эфирде согунуп отурган бир шигол, бугун акылдуу болуп чыга келет. Ырчылар только ырдагыла, ар нерсеге башынарды тыга бербей!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: