super.kg logo

"Бир тууганын издеп эжеси кайрылган". Бишкекте сууга боюн таштоого аракет кылган 20 жаштагы кыз куткарылды

 
Бишкекте сууга боюн таштоого аракет кылган кызды куткарып калышты. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 1-августта болжол менен саат 15:40 чамасында "102" кызматына 20 жаштагы кыз жоголду деген маалымат келип түшкөн.
"Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда белгисиз айым 20 жаштагы бир тууган сиңдисин издеп жаткандыгын жана ал өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылып жатышы мүмкүн экендигин билдирген.
Милиция кызматкерлери изделип жаткан кызды тапкан учурда ал чоң суунун үстүндөгү суу түтүгүнөн боюн сууга таштоого аракет кылып жаткандыгын көрүшкөн. Кайгуул кызматкерлери суу түтүкчөнүн үстүндөгү кызды жээкке алып чыгышкан. Андан ары кыздын психологиялык абалын жана тергөө ишин улантуу үчүн Биринчи Май райондук милициясына жеткирип беришкен", - дешти кайгуул кызматынан.
Ошондой эле мекемеден кыздын эжеси милиция кызматкерлеринин аракетине ыраазычылыгын билдиргенин кошумчалашты.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: