super.kg logo

"Спортчуларыбызды татыктуу тосуп алабыз". Кайрат Иманалиев "Ала-Тоо" аянтында эл менен бирге балбандарды сүрөөдө

 

Бүгүн, 3-августта "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарында кыргыз балбандары Акжол Махмудовдун финалдык беттеши, Айсулуу Тыныбекованын жарым финалдык беттеши жана Мээрим Жуманазарованын коло байге үчүн беттеши Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында чоң экранда көрсөтүлүүдө.

Аянтка эл менен бирге эл өкүлдөрү келип спортчуларды сүрөп жаткан кези. Алардын бири маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев Олимпиада оюндарында кыргыздын намысын коргоп жаткан балбандарды татыктуу тосуп аларын айтты.

"Спортчулардын Олимпиадага катышууга барганы, лицензия алганы мамлекет тарабынан каржыланып жатты. Өзүбүз дагы татыктуу деңгээлде узаттык. Эми спортчулар жакшы ийгилик алып келе турган болсо, мамлекет тарабынан атайын байгелерди тапшырабыз. Татыктуу тосуп алабыз", - деди Иманалиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: