Шаршембиге карата аба ырайы тууралуу маалымат
Эртең, 4-августта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас облустарынын тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 16...21, күндүз 32…37;
Талас облусунда түнкүсүн 12...17, күндүз 27…32;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 33…38;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 21…26;
Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28;
Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21, күндүз 35…37 градус болот.

