Маалыматка караганда, муниципалдык акы төлөнүүчү унаа токтотуучу жайлар дем алыш жана майрам күндөрүн кошпогондо, күн сайын 08:00дөн 20:00гө чейин иштейт.
Муниципалдык унаа токтотуучу жайдын бирдиктүү тарифи, канча убакыт токтосо дагы, 25 сомду түзөт.
"Ошондой эле биздин операторлор "Бишкек токтотмолору жана туруктары" муниципалдык ишканасынын логотиби бар атайын жилет кийип, атайын төш белгилерин тагынып, төлөмдү тастыктаган мөөрү бар талонду беришет.
Үзгүлтүксүз түрдө ишкананын адистери райондук ички иштер башкармалыгы менен биргеликте муниципалдык унаа токтотуучу жайдын аймагында мыйзамсыз түрдө унаа токтотуу кызматчыларын аныкташууда. Буга байланыштуу белгисиз адамдарга карата мыйзамда каралган тиешелүү чаралар колдонулат", - деп айтылат мэриянын маалыматында.