super.kg logo

Улукбек Марипов: "Спортчуларыбыздын Олимпиададагы жеңиши - Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата чоң белек"

 

Улукбек Марипов XXXII жайкы Олимпиадалык оюндардын жеңүүчүлөрүн – грек-рим күрөшү боюнча күмүш медалдын ээси Акжол Махмудовду жана аялдар күрөшүндө коло медалды жеңип алган Мээрим Жуманазарованы куттуктады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Мен үчүн биздин спортчуларыбыздын олимпиадалык жеңиштеринин күбөсү болуу чоң сыймык. Сиздер өз мекениңиздердин Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата мыкты белек кылдыңыздар. Биз сиздер менен сыймыктанабыз, өсүп келе жаткан муун үчүн үлгү болдуңуздар. Сиздерге өлкө желегин жогору желбиретип, мекендештерибизге жаркын маанай тартуулаганыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем!" - деди Улукбек Марипов.

Ошондой эле ал Айсулуу Тыныбекованы ишенимдүү түрдө финалга чыгуусу менен куттуктап, алдыдагы таймашта жеңишти багындыруусун каалады.

"Бүтүндөй өлкө финалдык таймашты чыдамсыздык менен күтүүдө. Биздин күйөрмандардын колдоосу сизге дем-күч жана ишеним берсин, Айсулуу", - деп жыйынтыктады министрлер кабинетинин башчысы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
03.08.2021. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ар бир мектепке спорттун ар турдуусу кружок болуп ачылса балдардын баары эле сабактан кийин машыгышмак, спортчуларыбыздын саныда сапатыда осмокда.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: