super.kg logo

"Бул жеңиш бүт кыргыз элимдики". Акжол Махмудов жеңиштен кийинки эмоциялары менен бөлүштү (видео)

 

"Токио-2020" Олимпиадасында Кыргыз өлкөсүнө алгачкы күмүш медалды алып келген балбан Акжол Махмудов жеңиштен кийинки эмоциялары менен бөлүштү. Анда балбан жигит жеңиш үчүн сүйүнөрүн же капаланарын билбей тургандыгын билдирди.

"Алтын медалга бир кадам жетпей калдым. Бирок кандай болсо дагы Кудайга чексиз шүгүр. Бул жеңиш үчүн көп даярдыктан өткөнбүз.

Финалдан утулуп калып, азыркы сезимдеримди өзүм дагы түшүнбөй турам. Сүйүнөйүн десем дагы сүйүнө албай. Кайгырайын десем, ага деле себеп жок. Эң эле өкүнүчтүүсү ушунча күйөрмандарды, кыргыз элин чогултуп, жакшы күрөш, жакшы эмоция тартуулай албай койдум деп ойлойм. Канчалаган эл эшикте, кээ бирлери сыналгыдан көрүптүр. Силердин ишеничиңерди актай алган жокмун. Бирок Айсулуу эже менен Мээрим күрөшүп утканына абдан кубандым. Анткени элдин бир аз болсо дагы көңүлү көтөрүлдү. Мен утулуп калсам дагы алар элдин маанайын көтөрдү.

Жеңишке жалгыз жеттим десем өтө жаңылган болом. Бул жеңиш бүт кыргыз элимдики", - деди балбан жигит.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 9 
Комментарийлер(2)
04.08.2021. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Эмки олимпиадада алтын урасың, эми чындап тажрыйба алдың.
04.08.2021. 08:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бул башталышы буйруса азаматсың!Келечегиңер !Ийгиликтер али алдыда!Олимпиада аяктап бара жатат,биздин желек !көтөрүлбөй калып кетеби деп тынчсызданып баштаганбыз!Азаматсыңар !
Salixa. түзөттү 2021-08-04 08:55:18
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: