super.kg logo

Памирден келген кыргыздар үй-тиричилик буюмдарына муктаж болушууда

 

Памирден келген кыргыздар тигүүчү машиналарга жана жашоого керектүү үй буюмдарына муктаж болушууда. Бул тууралуу коомдук ишмер Ассоль Молдокматова социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

"Талды-Суу айылында Памирден келген этникалык кыргыздар менен болгон жолугушуу жылуу маанайда өттү. Мен көйгөйлөр менен тааныштым, балдарга керектүү нерселерди алып келип, Афганбек аксакалга акча тапшырдым.

Памирлик кыргыздар президент Садыр Жапаровго ыраазы, ал тарабынан жакында эле 11 үй-бүлөгө, бардыгы болуп 87 адамга 10 кой, бирден жылкы жана уй, азык-түлүк менен жардам көрсөтүлгөн.

Эми муктаждыктар жөнүндө: биздин туугандарыбыз тигүүчү машиналарга, кездемелерге, тиричилик техникаларына, кир жуучу машиналарга, нан жасоо үчүн мештерге, кийим, бут кийимдерге, азык-түлүк, жеке гигиена каражаттары, самын-жуугуч каражаттарына муктаж, ал эми эркектер курулуш тармагында иштеши керек. Бул жерден бригаданы чакырууга болот.

Алар үчүн кесиптик багыттагы курстар керек.

Биз менен WhatsApp аркылуу байланышыңыз: 0700-10-48-67 (жазуу үчүн гана)

Эске салсам, 87 памирлик кыргыз Ооганстандагы Памир тоолорунан келишкен. Аларды кесилиште калтырбоо, жумуш табууга жана күнүмдүк жашообуздун шарттарына көнүүгө жардам берүү маанилүү", - деп жазган Молдокматова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: