Айыл чарба министри кийинки жылы сугат суу тартыш болбош үчүн кандай чаралар көрүлөрүн айтты
Бүгүн, 4-августта айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков түшүм жыйноонун жана тоют менен камсыздоонун жүрүшү, айыл чарба жаныбарларынын экспорту жана импорту үчүн шарттарды түзүү жана карантиндик аймактардын ачылышы жөнүндө маалымат жыйын берип жатып кийинки жылга карата Айыл чарба министрлиги кандай даярдыктарды көрүп жатканын айтты.
"Бүгүн биз дыйкандарга жерлерин сугаруусун сунуштайбыз, атүгүл талап кылабыз. Күзүндө дагы жерлер сугарылышы керек. Мунун баары келерки жылда суу көп колдонулган мезгилиндеги жүктү азайтуу үчүн жасалууда. Азыр суу бар, аны колдонуу керек", - деди ал.
Айыл чарба министринин айтымында, бүгүнкү күндө ведомство өлкөнүн бюджетинен сугат тармагын оңдоого каражат бөлүп, мурдагыдай жазында эмес, күзүндө оңдоого аракет кылып жатат.
Эске салсак, 14-июнда Чүй облусунун жашоочулары сугат суунун тартыштыгына байланыштуу өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышкан.

