super.kg logo

Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгын майрамдоодо эпидемиологиялык талаптарды эске алуу тапшырмасы берилди

 

Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоо алкагында пландаштырылган иш-чаралар эпидемиологиялык талаптарды эске алуу менен өтүүсү тийиш. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов юбилейлик датаны өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кеңешмесинин жүрүшүндө билдирди.

Жооптуу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик органдары белгилүү датага карата даярдыктын жүрүшү тууралуу маалымат беришти. Анда бүтүндөй республика боюнча 40тан ашуун иш-чаранын өткөрүлүшү пландаштырылган.

Борбордо аскер парады, эмгекчилердин парады өтүп, облустарда театралдаштырылган оюндар, концерттер, төкмө акындар айтышы, сүрөт көргөзмөлөрү, дизайнер жана кол өнөрчүлөрдүн, "Манас" эпосун айтуучулардын фестивалы өткөрүлөт.

Министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов иш-чаралардын жогорку уюштуруучулук деңгээлде өткөрүлүшүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

"Ушул жылы биз республиканын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдайбыз. Бул майрам ар бир кыргыз үчүн өзгөчө маанилүү даталардын бири. Юбилейлик датаны майрамдоого арналган иш-чаралар коомдук коопсуздуктун камсыздалышын жана эпидемиологиялык талаптардын сакталышын эске алуу менен өтүүсү тийиш. Баткен облусундагы турак жайларды, социалдык жана аскер объектилеринин курулушун жыйынтыктоого артыкчылыктуу маани берилиши кажет", - деди ал.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча, Улукбек Марипов мамлекеттик органдарга, анын ичинде майрамдык иш-чараларды уюштурууга жана Баткен облусундагы курулуш иштерин тездетүүгө финансылык каражаттарды өз мөөнөтүндө бөлүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
04.08.2021. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аттин арман! Олкомдун 30 жылдыгын олкомо барып тозсом кана.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: