Бишкекте Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата аскер парады өтөт
Кыргыз өлкөсүнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата өлкөдө 40тан ашуун иш-чара өтөт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкекте аскер парады, эмгекчилердин парады өтүп, облустарда театралдаштырылган оюндар, концерттер, төкмө акындар айтышы, сүрөт көргөзмөлөрү, дизайнер жана кол өнөрчүлөрдүн, "Манас" эпосун айтуучулардын фестивалы өткөрүлөт.
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов билдиргендей, иш-чаралар эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен уюштурулушу керек.
"Бул майрам ар бир Кыргыз жараны үчүн өзгөчө маанилүү даталардын бири. Юбилейлик датаны майрамдоого арналган иш-чаралар коомдук коопсуздуктун камсыздалышын жана эпидемиологиялык талаптардын сакталышын эске алуу менен өтүшү керек. Баткен облусундагы турак-жайларды, социалдык жана аскер объектилеринин курулушун жыйынтыктоого артыкчылыктуу маани берилиши кажет", - деген ал.

