"Иним, ачкачылыкты токтот, буларың түшүнбөйт". Исхак Масалиев камактагы Жеңиш Молдокматовго кайрылды
Экс-депутат Исхак Масалиев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына ачкачылык жарыялаган камактагы Жеңиш Молдокматовго кайрылуу жасады.
"Жеңиш иним, ачкачылыкты жарыялап, чындык үчүн күрөшүп турасың. Өткөн жылы октябрь айында борбордук аянтта эл чогулуп, шайлоонун жыйынтыгына каршылык көрсөткөн. Натыйжада бир топ бийликке келди. Алар башкарууда...
Иним, ачкачылыкты токтот деп суранам, буларың түшүнбөйт. Сен жашсың, келечегиң бар, башка жол менен аракеттерди жүргүзсө болот. Кылган аракеттериң ак. Жамандык ээсине кайтат... Ага катары кайрылам Жеңиш...", - деп жазылат кайрылууда.
Молдокматов 26-июлда ачкачылык жарыялаган. Ал муну менен баш коргоо чарасын өзгөртүүнү эмес, кылмыш ишине тиешеси бар бардык адамдарга бирдей мамиле жасоону талап кылгысы келгенин билдирген.
Ал 2020-жылдагы 5-6 жана 9-октябрдагы окуялар боюнча имараттарды басып алууга жана массалык баш аламандык уюштурууга айыпталууда.

