Садыр Жапаров жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн айып пулдарды азайтуу жөнүндө мыйзамга кол койду
Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мыйзам 2021-жылдын 30-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Аталган мыйзам жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана автотранспортту жана электромобилдерди эксплуатациялоо чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы анча чоң эмес укук бузуулар үчүн айыптарды азайтууга. Ошондой эле жөө жүрүүчүнүн, велосипедчендин, көлүк унаа башкаруучунун, мал айдоочулардын жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн эскертүү же 1-категориядагы айып пул түрүндөгү жазанын альтернативдүү түрүн белгилөөгө багытталган.
Мыйзамда төмөнкү учурларга айып пул төлөө каралган:
- Мотошлемдерди же коопсуздук курларын пайдалануу эрежелерин бузууда;
- Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан 10 чакырым/сааттан көп, бирок 20 чакырым/сааттан көп эмес ашканда;
- Жол белгилеринин талаптарын аткарбоо, жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбоо (каршы кыймылдын тилкесине чыгуу менен кууп өтүүнү же болбосо маневр жасоо эрежелерин бузууларды кошпогондо);
- токтоо же токтоп туруу эрежелерин бузуу;
- коопсуз дистанцияны, интервалды сактабоо же болбосо жолдун жүрүүчү бөлүгүндө транспорт каражаттарын жайгаштырууну бузуу же автомагистралдар боюнча жүрүү эрежелерин бузуу;
- жол чырактын тыюу салуучу сигналы же жөнгө салуучунун тыюу салуучу жаңсоосу болгондо жол белгилери же жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн чийиндери менен белгиленген стоп-линиянын алдында токтоо жөнүндө жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын аткарбоо;
- каршы кыймыл тилкесине чыкпай туруп кууп өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузуу;
- тышкы жарык берүүчү приборлорду же болбосо эскертүүчү сигналдарды пайдалануу эрежелерин бузууда (бардык механикалык транспорт каражаттарына сутканын жарык убагында калктуу конуштардан тышкары жерлерде фаранын жандырылган жакын жарыгы менен жүрүү талаптарын кошпогондо) айып салуу жөнүндө токтомду алган күндөн тартып отуз календардык күндүн ичинде айыптын өлчөмү 70 пайызга азаят.
Мындай учурларда айыптын өлчөмү 300 сомду түзөт.
Ошол эле учурда мыйзам менен, кабыл алынган мыйзам күчүнө киргенге чейин төлөнбөгөн жогоруда көрсөтүлгөн укук бузуулар үчүн айыптар (мотошлемдерди же коопсуздук курларын пайдалануу эрежелерин бузууну кошпогондо), туумдарды жокко чыгаруу жана жеңилдетилген мезгилди калыбына келтирүү менен жогорудагы мыйзамдын ченемдерине ылайык төлөнөрү белгиленген.



1 |