super.kg logo

"Кыргыз өлкөсү үчүн өзгөчө маанилүү, унутулгус күн". Садыр Жапаров Айсулуу Тыныбекованы жеңиши менен куттуктады

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-августта телефон аркылуу улуттук курама команданын мүчөсү, эркин күрөш боюнча балбан Айсулуу Тыныбекованы ушул күндөрү Токиодо (Япония) өтүп жаткан Олимпиада оюндарында күмүш медалга ээ болушу менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Мамлекет башчысы Айсулуу Тыныбекова даңктуу жеңиштери менен Кыргыз өлкөсүндө бир нече жолу дүйнөлүк аренага даңазалаганын, аны келечекте дагы албан-албан ийгиликтер күтүп жатканын өзгөчө белгиледи.

Садыр Жапаров үй-бүлөсү менен финалдык таймашты көргөндүгүн, мындан тышкары, жүз миңдеген мекендештер түз эфирдеги күрөштү көрүп, Айсулууну сүрөп турушканын кошумчалады.

«Бул бүтүндөй Кыргыз өлкөсү үчүн өзгөчө маанилүү, унутулгус күн. Сиздин жогорку сыйлыгыңыз көп жылдар бою күн сайын, талбай машыккан эмгегиңиздин, жеңишти көздөгөн темирдей эркиңиздин, улуу максаттарга умтулгандыгыңыздын акыбети болуп калды. Сиз татыктуу күрөш, мыкты даярдык жана майтарылгыс моралдык дух көрсөттүңүз», - деп белгиледи мамлекет башчысы.

Президент Садыр Жапаров олимпиадалык команданын спортчулары менен машыктыруучулар курамына чың ден соолук жана жаңы-жаңы жетишкендиктерди каалап, мекенине аман-эсен кайтып келип алышын тиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(2)
04.08.2021. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
азамат!
04.08.2021. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Элдик президент
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: