Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин Аскар Акаев менен бирге тамактанган сүрөтү жарыяланды
Социалдык тармактарда Аскар Акаев менен саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев экөөнүн бирге тамактанып жаткан сүрөтү жарыяланды.
Сүрөттү Фейсбук баракчасына профессор Андрей Сопуев жарыялап, "кеминдиктер" деп жазган.
Маалымат үчүн:
Белгилүү болгондой, Аскар Акаев 2-августта Бишкекке алып келинип ведомстволор аралык тергөө тобуна өткөрүлүп берилген.
Ага "Кумтөр" долбоорун ишке ашыруудагы коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөө алкагында издөө жарыяланган. Буга байланыштуу УКМК тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында, 2-августта Бишкекке алып келинди.
Акаев Кыргыз өлкөсүн 1990-2005-жылдары башкарган. 2005-жылдагы март окуясында бийликтен кулатылгандан кийин үй-бүлөсү менен Орусияга чыгып кеткен, ошондон бери мекенге келе элек болчу. 3-августта ал Кеминге барганы, аны жылуу тосуп алган видео жарыяланды.




1 |