"Токио-2020": Олимпиадага Кыргыз өлкөсүнүн атынан барган делегациянын курамы
Социалдык тармактарда Токиодо өтүп жаткан жайкы Олимпиада оюндарына Кыргыз өлкөсүнөн спортчуларды коштоп кеткен делегациянын курамы талкууга алынууда.
Анын арасында президенттин мурдагы маалымат катчысы Галина Байтеректин дарегине бир катар сындар айтылып, Байтерек өзү SUPER.KG порталына делегациянын курамына кандай негизде киргени боюнча комментарий берген.
Ал ортодо Токиодогу Олимпиада оюндарында коло медаль тагынган Мээрим Жуманазарованын жана 5-орунга ээ болгон Айпери Медет кызынын биринчи машыктыруучусу Дүйшөн Жуманазаров машыктыруучу катары спортчуларды коштоп Токиого барбай калганына капа экенин айтып чыкты.
Олимпиада башталганга чейин ага барчу делегациянын курамы маалымдалган. Бирок дал ушул тапта Токиого кеткен делегацияга коомчулук кызыгуу артып турган чак. Мындан улам биз Токиодогу Олимпиада оюндарына Кыргыз өлкөсүнөн барган делегациянын курамын спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын маалымат кызматынан сурап билдик.
Делегациянын курамы:
Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы - Саламат Эргешов;
Улуттук олимпиада комитетинин кызматкери - Чолпон Жумагазиева;
Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын директору- Нурлан Исмаилов;
Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин спорт бөлүмүнүн башчысы - Марат Аскарбеков;
Улуттук олимпиада комитетинин мүчөсү жана спорт журналисттери федерациясынын башкы катчысы - Кабыл Макешов.
Президенттин администрациясынын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнүн башчысы Галина Байтерек.
Федерациянын өкүлдөрү:
Улуттук олимпиада комитетинин президенти - Шаршенбек Абдыкеримов;
Улуттук олимпиада комитетинин биринчи вице-президенти - Канат Аманкулов;
Азия дзюдо союзунун вице-президенти - Жолдошбек Көлбаев;
UWW Азиянын вице-президенти - Мелис Турганбаев.


Улуттук олимпиада комитетинен 5 киши барыптыр. Бешоо эмес, экоо барса жетпес беле?! Ушул шагыраган ашка жук, башка жук 10 адамдын ордуна 3-4 барса ашыгы менен жетмек. Андан коро машыктыруучуларды жонотсо болбойбу?! Тупизм!!!