Ош шаарындагы кээ бир райондордо таза суу убактылуу токтоду. Мэрия суу жеткирүү үчүн кайсы номерлерге байланышуу керектигин жарыялады



Ош шаарында ичүүчү таза суу убактылуу токтотулду. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Папан суу сактагычына жакынкы жылгалардан сел жүрүп, Ак-Буура дарыясындагы суунун ылайланышы нормадан жогору болгондугуна байланыштуу Ош шаарынын Юго-Восток, ХБК, Туран кичи райондорунан жана Достук, Калинин массивдеринен башка аймактарына таза суу берүү убактылуу токтотулган.
"Маалымат алуу үчүн байланыш телефондору: 105, 8-11-15, 8-11-51, 0553 200-105, 0225 105-105, 0999 105-105. Суу ташуучу унаалар (водовоз) менен аймактарга таза суу жеткирүү үчүн төмөнкү байланыш номери аркылуу билдирүү калтырсаңыздар болот: 03222 5-04-16 "Ош шаар суу канал" ишканасы", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.