"Натыйжа болгон жок". 9-августтан тарта калкты тейлөө борборлору адаттагы иш графигинде иштеп баштайт

Буга чейин 4-июлдан тартып өлкөнүн бардык калкты тейлөө борборлорунда саат 8:00дөн 19:00гө чейин иштөө графиги пилоттук режимде киргизилген. Өзгөртүүнүн максаты - жарандар үчүн мындай режимдин ыңгайлуулугун 31-августка чейин сыноо болчу.
"Бирок мындай иш тартибинин натыйжалуулугу болбогондуктан калкты тейлөө борборлорунун иштөө графигин баштапкы режимге кайтаруу чечими кабыл алынды.
9-августтан тартып калкка кызмат көрсөткөн борборлор жана жарандык абалдын актыларын, калкты каттоо жана паспорттоштуруу бөлүмдөрү саат 9:00дөн 18:00гө чейин стандарттык иштөө графигине өтүшөт", - дешет маалымат кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.