Дастан Бекешев "Токио-2020" Олимпиадасына аткаминерлерди ким жибергендиги тууралуу айтты
Депутат Дастан Бекешев өзүнүн Телеграм каналы аркылуу "Токио-2020" жайкы Олимпиадасына катышуучу спортчулардын машыктыруучуларынын ордуна Японияга аткаминерлерди ким жөнөткөнүн айтты.
"Өкүнүчтүүсү Айсулуу Тыныбековага алтын буюрбаганы. Бирок чындыгында күмүш дагы жаман эмес. Биздин мамлекет спортчуларды канчалык начар колдоп жатканын эске алганда, мен муну эң сонун жетишкендик деп эсептейм. Бизди бул жеңиш менен куттуктоого болот.
Биздин аткаминерлер ал жакка эч кандай суроолордун бир граммын да чечпестен барганы жөнүндө айткым келет. Бул алар үчүн жөн гана тур менен саякаттоо. Тизмени президенттик администрация түзгөн. Ойлонуп иликтөөнүн эмне кереги бар? Ал жакка администрация өзү баргандан кийин, тизмени алар өздөрү түзүшкөн дегенди билдирет. Мындай учурда кимге ыраазычылык билдирүүнү өзүңөр билесиңер", - деп жазган Бекешев.




1 |