super.kg logo

Жолдошу 3 кызына алимент төлөбөй жаткан келин менен акыйкатчы Токон Мамытов жолукту

 

Буга чейин социалдык тармактарда 30 жаштагы Акылай Токтогул кызына жана анын жашы жете элек 3 кызына жардам керектиги тууралуу кайрылуу жарыяланган. Анда жашы жете элек кыздарга ай сайын алынуучу алимент беш айдан бери төлөнбөй жатканы айтылган.

Акыйкатчы Токон Мамытов Акылай Токтогул кызын жана анын кыздарын кабыл алды. Акыйкатчы Токон Мамытов аппараттын кызматкерлерине алимент өндүрүү, турак жай көйгөйү, социалдык төлөмдөр жана башка маселелер боюнча мамлекеттик тийиштүү органдарга каттарды жолдоону тапшырды.

Жолугушуу учурунда Мамытов келинге укуктук кеңеш берип, ага өз каражатынан материалдык жардам да көрсөткөн.

"Жолугушуудан кийин акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери жашы жете элек кыздарга беш айдан бери алимент төлөнбөгөн окуянын чоо-жайын бышыктоо үчүн Акылайдын жолдошу менен телефон аркылуу сүйлөштү. Анын жүрүшүндө Нурбек бир айга 5000 сом алиментти которгонун, дагы бир айга беш миң сомду чукул арада которуп берерин убадалады. Ал эми жашы жетпеген кыздары үч ай бою өзү менен жашаганын айтып, алардын кем-карчын камсыздап турганын белгилеп, ал үч айга алимент төлөөнүн кажети жоктугун сотто далилдейм деген. Ошондой эле Акылайдын жолдошу 5000 сом өлчөмүндө алимент төлөө тууралуу соттун чечимин өзгөртүү үчүн сотко кайрыларын маалымдаган. Анткени ал азыр бюджеттик мекемеде иштерин жана айлыгы 4500 сомду түзөрүн белгилеп, эгер сот анын 50 пайызын кыздарга төлөөгө милдеттендирсе, айлыгынын жарымын кыздарын камсыздоого чегерип турарын айткан.

Ал эми келиндин 2 кызы Бишкектеги мектептердин бирине кабыл алынган. Бул окуя акыйкатчынын көзөмөлүндө болмокчу", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
05.08.2021. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Кудайды караса боло, 4500 деген айлык жок азыр.
05.08.2021. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Men_ele, өз кыздарынан акчасын аяп,справка жасатып алса керек да.азыр биздин эркектер ошондой.болбосо 4,5 миң өзүнө деле жетпейт да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: