"25 жашта болчу". Алтайда сууга чөгүп каза болгон инструктордун сөөгү Кыргыз өлкөсүнө алып келинди
Буга чейин Алтайдын Катун дарыясында рафтинг учурунда Кыргыз жараны каза болгону кабарланган. Буга байланыштуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин маалымат кызматынан окуянын чоо-жайын айтып беришти.
"20-июлда Башкы консулдукка Алтай Республикасындагы Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнөн “Мастерафт” компаниясында рафтинг боюнча инструктор болуп иштеген 25 жаштагы Марсел Сталбеков аттуу жаран Катун дарыясынын Телдекпень-2 аймагында рафтинг учурунда чөгүп кетип, анын сөөгү изделип жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү полиция жана өзгөчө кырдаалдар органдары менен биргеликте сууга чөгүп кеткен жаранды бир нече күн издешкен, бирок сөөгүн таба алышкан эмес. Ошентип 30-июлда эс алууда жүргөн туристтердин бири аталган жарандын сөөгүн Катун дарыясында таап, полицияга билдирген. Кыргыз диаспорасынын жардамы менен аталган жарандын сөөгү Кыргыз өлкөсүнө кечээ, 4-августта жөнөтүлгөн. Башкы консулдук тарабынан Кыргыз өлкөсүнө "Жүк-200дү" жеткирүүгө кеткен чыгымдарды жабуу үчүн 70 миң рубль өлчөмүндө компенсация төлөнүп берилген. Бул окуянын иликтенишин Башкы консулдук көзөмөлдөп жатат", - деп жазылат маалыматта.
Элчиликтен Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин Барнаул шаарындагы өкүлчүлүгүнө, Алтай Республикасынын тергөө жана көзөмөлдөө органдарынын башчыларынын дарегине иштин тергөөсүн көзөмөлгө алуу өтүнүчү жөнүндө Башкы консулдуктун кайрылуулары жөнөтүлгөнүн кошумчалашты.

