super.kg logo

"Өлкөлөр темир жол, авиакаттамдарды өнүктүрүүгө тийиш". Талант Мамытов Иран парламентинин төрагасы менен жолугушту

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Ирандын парламентинин төрагасы Мохаммад Багер Галибаф менен жолугушту. Эки тараптуу жолугушуу 4-августта орун алганын Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашты.

Жолугушуу Иран Республикасынын президенти аятолла Сейед Эбрахим Раисинин инаугурациясынын расмий салтанатына байланыштуу Кыргыз делегациясынын Тегеранга жасаган иш сапарынын алкагында болду. Жолугушууга депутаттар Каныбек Иманалиев, Замирбек Эсенаманов жана Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы ыйгарым укуктуу элчиси Турдакун Сыдыков катышты.

Маектешүү учурунда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришип, туризм, инвестициялар, медициналык туризм, инженердик-техникалык кызматтар жана башка чөйрөлөрдөгү кызматташтыктын перспективаларын талкуулашты.

"Сиздердин келгениңиздер бул мамилелерди ого бетер чыңдайт", - деди Мохаммад Багер Галибаф.

Төрага Талант Мамытов чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, Ирандын элин жаңы мамлекет башчысын ийгиликтүү шайлап алышы менен куттуктады. Андан соң ал маектешине Кыргыз жергесинде болуп өткөн саясий процесстер тууралуу маалымат берип, Жогорку Кеңештин жаңы курамы быйыл октябрда шайланарын билдирди.

"Азыркы учурда Кыргыз парламентинде мыйзамдарды Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясына шайкеш келтирүүгө байланышкан жумуштар көп. Бизде да, сиздерде да саясий процесстер активдүү өнүгүп жатат, бирок муну менен катар эле биз эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерибизди да өнүктүрүүгө тийишпиз. Тилекке каршы, пандемия көп пландарыбызды ишке ашырууга жолтоо болду. Азыркы учурда биздин өлкөлөрдүн темир жол уюмдары Түркмөнстан жана Өзбекстан менен бирдикте кызматташууну баштап, бир нече кеңешме өткөрүштү, ал Кыргыз өлкөсү менен Ирандын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди мындан аркы өнүктүрүүгө түрткү берет", - деп белгиледи Мамытов.

Галибаф мырза бул пикирди колдоп, эки өлкө темир жол, автомобиль жолдору байланышын жана авиакаттамдарды өнүктүрүүгө тийиш экендигин белгиледи. "Биздин өлкөлөр мамиледе колдо бар пайдубалды, атап айтканда, ШКУну пайдаланышы керек. Бул уюмга мүчө болордо Кыргыз мамлекети Иранды колдогон, бул үчүн Кыргыз өлкөсүнө ыраазычылык билдирем", - деди Ирандын спикери.

Белгилей кетсек, иш сапардын алкагында Талант Мамытов Ирандын жетекчилери, ошондой эле инаугурация салтанатына келген чет элдик делегациялардын жетекчилери менен дагы бир катар жолугушуулары пландаштырылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
05.08.2021. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жасаш керек, кылыш керек, болууга тийиш, кылууга тийиш, деп эле жүрө бересиңер, не когда жасабайсыңар!(((
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: