super.kg logo

Тазабек Икрамов Сауд Арабиясынын өлкөдөгү элчиси менен жолугушту

 

Кечээ, 4-августта Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Тазабек Икрамов Сауд Арабия Королдугунун Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ибрахим Ради Альради менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тазабек Икрамов Ибрахим Ради Альрадини жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктап, Сауд Арабиясы Королдугу тарабынан Кыргыз Республикасына көрсөтүлгөн жардамдар үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуу учурунда парламенттер аралык кызматташтык маселелери талкууланды. Тазабек Икрамов мажлис Аш-Шурадагы депутат кесиптештерин Кыргыз өлкөсүнө иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.

Тараптар ошондой эле Йемендеги абалга тынчсыздангандыктарын пикир келишпестиктердин баары дипломатиялык жолдор менен чечилүүгө тийиш экендигин белгиледи.

Мындан сырткары эки тараптуу байланыштарды ратификациялоого байланышкан маселелер талкууланды. Тазабек Икрамов ошондой эле эки өлкөнүн ортосунда туруктуу авиакаттамдарды ачуу боюнча маселе көтөрдү.

Тараптар эки тараптуу байланыштарды чыңдоо боюнча иштерди жүргүзүүгө даяр экендиктерин билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: