"Маршрутуңузду алдын ала пландаштырып алыңыз". Бишкекте 32 көчө оңдолуп жатат













Борбордо узундугу 40,15 чакырым болгон 32 көчө оңдолууда, алар ноябрдын аягына чейин пайдаланууга берилет. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жалпы узундугу 12 чакырым болгон асфальт-бетон төшөлмөсүнүн астыңкы жана үстүңкү катмарын төшөө иштери төмөнкү көчөлөрдө жүргүзүлүүдө:
- Сухэ-Батор көчөсү Каралаев көчөсүнөн Шабдан баатыр көчөсүнө чейин;
- Карасаев көчөсү Байтик баатыр көчөсүнөн Карадаринская көчөсүнө чейин;
- Кокчетавская көчөсү Махатма Ганди көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;
- Ташкент көчөсү Турусбеков көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;
- Түгөлбай-Ата көчөсү Орозбеков көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейин;
- Кулатов көчөсү Каракулская көчөсүнөн Байтик-Баатыр көчөсүнө чейин;
- Каркыра көчөсү Гагарин көчөсүнөн Ак-Ордо көчөсүнө чейин ("Ак-Ордо" жаңы конушу);
- Стадионная көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Магистралга чейин (Ынтымак конушу);
- Ажыбек Баатыр көчөсү Жунусалиев көчөсүнөн Манас проспектисине чейин;
- Жолон көчөсү Ашар көчөсүнөн Алыкулова көчөсүнө чейин;
- Буденный көчөсү Чүй проспектисинен Жибек-Жолу проспектисине чейин;
- Жукеев Пудовкин көчөсү Кулатов көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин;
- Матросов көчөсү Ахунбаев көчөсүнөн Медеров көчөсүнө чейин;
- Өмүр көчөсү Т.Фрунзе көчөсүнөн Ашар көчөсүнө чейин.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө борбор калаанын 9 көчөсүндө жол куруу иштери аяктап, 32 көчөдө оңдоо иштери уланууда.
"Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун экинчи этабы эки жылга эсептелген. Жалпы узундугу 70 чакырымдан ашык 2021-жылы 44 жолду, 2022-жылы 16 көчөнү реконструкциялоо жана 5 көпүрөнүн курулушу пландалууда. Оңдоо иштери Кытай Эл Республикасынын гранттык каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүүдө.
Урматтуу шаардыктар, жүрүп жаткан жол иштерине түшүнүү менен мамиле кылууну жана маршрутуңузду алдын ала пландаштырууну суранабыз", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
-1

Биринчи күнү үстүнкү катмарын кырып жатышкан эле. Кийинки күнү өтүп кетип жатсам тратуарын чукулашып жаткан. Суббота, воскресение үйдө болуп понедельник күнү асфальт төшөлүп жатыптыр. Ошол күнү түндө эс алууга чыксам иштеп жатышкан экен.
Бир жумада бүтүп, полосалары чийип, тратуарга да полоса чийип бүтүп кетишиптир.
Сапаты кандай билбейм, адис эмесмин бирок жазында кар менен кошо агып кеткен жолдорун көрбөдүм. Балким башка жагында бар, мен баскан жолдору жакшы эле экен.
Башына чапсаң ошол адистерди.