super.kg logo

Кенедей нерседен эринип капчыкка зыян келбесин... Бишкек мэриясы таштандыны туш келди ыргыткандарга айып салат

 
Борбор калаадагы айрым ишканаларга таштандыларды белгиленбеген жерге ыргыткандыгы үчүн айып салынат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, күн сайын муниципалитеттин Санитардык-экологиялык инспекциясынын командасы шаардын аймагынын санитардык абалын жакшыртуу жана жашылдандыруу боюнча иштерди жүргүзүүдө.
"Байтик баатыр көчөсү санитардык нормаларды жана талаптарды бузгандарга "бай" болуп чыкты. Ал жерден таштандыларды белгиленбеген жерге таштагандыгы үчүн "Турбо Трейд" жана "Фикс первый" компанияларына 71-берененин 1-бөлүгү боюнча 17 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Мичурин көчөсүндө жайгашкан "Бакай Банк" жол конструкцияларын кароо эрежесин бузгандыгына байланыштуу "Бузуулар жөнүндө" кодексинин 119-1-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык 23 миң сом өлчөмдө айып тартышат.
Урматтуу шаардыктар, ишкерлер жана уюмдар, таштандыларды белгиленбеген жерлерге ыргытпаңыздар, өрттөбөңүздөр. Тазалыкты сактаңыздар", - деп айтылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
06.08.2021. 07:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сарыбашев боткосу чыккан бишкектин тазалыгынан баштаптыр азамат
06.08.2021. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Машинадан ким мусоо ыргытса бир айга жумушка тартылсын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: