super.kg logo

Милициянын участкалык кызматкерлери экономикалык кылмыштарды иликтеп баштайт

 

Милициянын участкалык кызматкерлерине экономикалык тармактагы мыйзам бузууларды иликтөө боюнча ыйгарым укуктарды берүү пландалууда. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, 15-июлда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Акылбек Жапаров ИИМ менен салык кызматына мекемелер аралык комиссия түзүп, экономикалык тармактагы (лицензия, уруксат берүү ж.б.) мыйзам бузууларды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ИИМге (участкалык кызматкерлерге) ыйгарым укуктарды берүү боюнча документтин долбоорун бир ай ичинде иштеп чыгууну жана министрлер кабинетине сунуштоону тапшырган.

"Милициянын участкалык кызматкерлерине экономикалык тармак боюнча ыйгарым укук берүү үчүн бир катар мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү керек болот. Мындан улам бул багытта иш алып баруу үчүн жумушчу топ түзүлгөн. Кечээ, 4-августта жумушчу топтун биринчи отуруму болуп өтүп, участкалык кызматкерлердин ыйгарым укуктарын кеңейтүү маселеси каралды", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
06.08.2021. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Участковыйлар өздөрүнөн кетет экен да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: