super.kg logo

"Казандап чачкан алтынды, Кашыктап жыйнап ал, сулуу". Төкмө акын Олимпиадада байгеге ээ болгон балбандарга ыр арнады

 

Олимпиада башталгандан бери Кыргыз өлкөсүнөн барган 16 спортчунун ичинен 14 спортчу күчүн сынап, алардын үчөө байгелүү орундарга жетишти. Тагыраагы, грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов жана эркин күрөш боюнча Айсулуу Тыныбекова күмүш байгени багындырса, Мээрим Жуманазарова коло медалды камсыздады.

Кыргыз эли ар бир спортчуну жан үрөп, сүрөөнгө алып, колдоп турушту. Эл жеңишке жетип, калайык калкты бириктирип, кубаныч тартуулаган балбандарга жакшы сөздөрүн арнап жаткан кези. Төкмө акын Баян Акматов бөтөн элде кыргыз желегин желбиреткен үч балбанга арнап ыр токуду.

***

Акжол дейт баары күн түнү,
Атыңдын элге сүйкүмү.
Баатыр мүнөз духуңан,
Балбандын миңи үркүдү.

Амандыгың дем берет,
Адамдыгың эң керек.
Ала тоо Кыргыз калкыма,
Акжол иним сен керек!

Элге арнап каруу күчүңдү,
Эң таза кылдың дитиңди.
Таянып жалгыз Аллага,
Шыбырап чыктың зикирди.

Айландың Эркин элпекке,
Айланбай шылуун тентекке.
Алла таала билүүчү,
Алтынды бербейт эркекке.

Атаңыз ашуу белеспи?
Ар дайым берген кеңешти.
Күмүшкө шүгүр дейличи,
Апаңыз алтын эмеспи.

Намыска кимдер жашыбайт,
Намыс бул журтту асырайт.
Атакең берген батага,
Алтындын миңи татыбайт!

Бакты сүзгөн экен деп,
Баары айткан сага бекер кеп.
Тамашанат азыр баарысы,
Тамыры бактан бекем деп.

Журт үчүн Акжол жулкунган,
Жулчудай башын булкунган.
Алгыр бүркүт сен элең,
Жумурткасында кыйкырган!

Аалам жер бети тарбы? Ыя!
Атаандашың барбы? Ыя!
Алып барды алыска,
Атакең берген тарбия!

Көөдөнүң толуп батага,
Көмүлбө кайгы капага.
Ыроологон Кыргызга
Ырахмат Ата, Апаңа!

Ар намысты кең алгын,
Атыр жыт менен дем алгын.
Азыркы алган күмүшүң,
Анонсу алтын медалдын!

***

Мээрим сулуу башкача,
Мээнети аруу таптаза.
Алып келди көп байге,
Атаңыз берген ак бата.

12 жаштан баштапсың,
Оюн-зоокту таштапсың,
Рахмадил ата мээнетин,
Рахмат сулуу актапсың.

Жашагын Мээрим жан пери,
Жактырдык сени кантели?
Классташың турбайбы,
Медет кызы Айпери.

Куттуктай турган кездебиз,
Кулпунай Мээрим тездеңиз.
Гүл карыз балдыз сен үчүн.
Чемпион Улук жездеңиз,

Кыргызга кымбат баркың бар,
Кылычтан өткүр даңкың бар.
Мээрим келип алсын деп,
Эми
Менчиктейт сени алтындар.

Байгеге толсун жалын жаш,
Баардыгы менен кадырлаш.
Кай жакта жүрсөң күлүп жүр,
Карагат көздүү карындаш!

***

“Оо Айслуу, Айсулуу,
Ойлогондой бар сулуу,
Казандап чачкан алтынды
Кашыктап жыйнап ал, сулуу

Көзүңдүн ар бир тамчысы,
Көп Кыргыздын алкышы.
Күндөн ажар талашсын,
Күмүш медаль жаркышы.

Айымдан сендей балбан жок,
Аллага шүгүр арман жок.
Талашып сендей намысты,
Тажиктер ала алган жок.

Алтындан артык сен эми!
Алгалап Кыргыз желеги,
Жапандын эмес ал күмүш,
Жараткандын белеги.

Жараткандын белеги,
Жакшылап түшүн сен эми,
Жаркырап турган күмүштөй,
Жан таап алгын дегени.

Жүрүшүң алтын биз үчүн,
Күлүшүң алтын биз үчүн.
Күйүткө батпа Алтын деп,
Күмүшүң алтын биз үчүн.

Көңүлүң алтын биз үчүн,
Өмүрүң алтын биз үчүн.
Тектүү кыргыз кызысың,
Темириң алтын биз үчүн.

Бүркүтсүң тоодо шаңшыган,
Канаты күндөй жаркыган.
Буулуккан далай Айсулуу,
Буюрса чыгат артыңан.

Аарчыйлы көздө жашыңды,
Ардактап сендей асылды.
Көп Кыргыз күтөт өзүңдү,
Көтөрүп келчи башыңды!”






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 7 
Комментарийлер(2)
05.08.2021. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эн жакшы жалпы кыргыз элимдин ой тилек созун жазыпсын
05.08.2021. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Соонун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: