Дагы бир коло медаль. Кыргыз өлкөсү химия боюнча эл аралык олимпиадада байгелүү орунга жетишти



11-класстын окуучусу Камил Мамбетов химия боюнча эл аралык олимпиадада коло медалды жеңип алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Билдирүүдө айтылгандай, 25-июлдан 2-августка чейин мектеп окуучуларынын химия боюнча 53-эл аралык олимпиадасы (IChO-2020, Япония) онлайн режиминде өттү. Олимпиадага 85 өлкөнүн командалары катышты.
"Олимпиадага Кыргыз өлкөсүнөн 4 мектеп окуучусу катышып, жыйынтыгында Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 11-классынын окуучусу Камил Мамбетов коло медалга ээ болду", - дешти мекемеден.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
2

Ошондо бул олимпиада оюндарынын колосун уттубу