Кыргыз өлкөсүнөн Орусияга алып өтүүгө аракет кылган контрабандалык жүккө бөгөт коюлду

Маалыматка ылайык, Кыргыз өлкөсү менен Казакстандан Омск облусуна карантинге алынган продукцияны мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылышкан.
Аларга шабдалы - 41,65 тонна, помидор - 20,27 тонна, калемпир - 19 тонна, роза жана альстроэмерия кесимдерин - 365 даана ташып кирүүгө тыюу салынган.
Аймакта карантиндик объекттердин жайылышын алдын алуу үчүн булганган бардык жашылча-жемиштер экспорттоочу өлкөлөргө кайтарылды.
Июль айында ЕАЭБ мамлекеттеринен келген продуктуларга карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүү учурунда сегиз учур карантиндик объекттердин төрт түрүн аныкталган. (дард, чыгыш көпөлөгү, батыш гүл трипси, пепино -мозаикалык вирус).
Алар Евразия экономикалык биримдигинин карантиндик объектилеринин бирдиктүү тизмесине киргизилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:05
2025-07-13
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.