super.kg logo

Президенттин администрациясында Иван Панфиловдун эстелигин колодон кайра жасоо маселеси талкууланды

 

Президенттин администрациясынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов Орусия Федерациясынын Свердлов облусунун эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар министри Василий Козлов менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Жолугушууга Орусиянын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко, Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы (Орусия Федерациясы) башкы консулу Руслан Бийбосунов жана орус скульптору Иван Дубровин дагы катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Орусия Федерациясы Кыргыз өлкөсүнүн стратегиялык өнөктөшү экени жана анын региондору менен өз ара байланыштарды кеңейтүү эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө кошумча дем берери белгиленди.

"Пикир алышууда Советтер Союзунун Баатыры Иван Панфиловдун атын алып жүргөн сейил бакта анын эстелигин даярдоо маселеси талкууланды.

Орусия тарап Кыргыз өлкөсүнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Орусия Федерациясынын Свердлов облусунун администрациясынын колдоосу менен Советтер Союзунун Баатыры Иван Панфиловдун эстелигин окшош кылып колодон кайра жасап, Кыргыз өлкөсүнө өткөрүп берүү демилгесин көтөрүп чыгышты.

Президенттин администрация жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов эстеликти кайра жасоо демилгеси үчүн Орусия тарапка ыраазычылыгын билдирип, тиешелүү мамлекеттик органдарга уюштуруу иштеринде ар тараптуу колдоо жана көмөк көрсөтүүнү тапшырды", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: