Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери бир күндө шайланат
Бишкек менен Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо бир күндө, тагыраагы 26-августта өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Искендер Гаипкулов билдирди.
Шаар мэри шаардык кеңештин депутаттары тарабынан жашыруун добуш берүү менен шайланат.
Белгилей кетсек, 2- августта Таалайбек Сарыбашов Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Ал бул кызматка чейин Ош шаарынын мэри кызматын аркалап келген.
Сарыбашовдун ордуна Мамлекеттик каттоо кызматынын экс-төрагасы, президенттин мурунку иш башкармалыгынын жетекчиси Алмаз Мамбетов Ош муниципалитетинин убактылуу башчысы болуп дайындалган.
Ал эми президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси болуп мурдагы Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов дайындалган.

