super.kg logo

"Иш күнү бүткөн соң акчаны сол чөнтөккө топтошот". Бишкекте унаа токтотуучу жайларда алдамчы жумушчулардын тузагынан сак болуңуз

 

Бишкектеги көчөлөрдө унаа токтотуучу жайларды тейлеген алдамчы кызматкерлер пайда болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, борбор калаада 17 көчөдө муниципалдык унаа токтотуучу жайлар уюштурулган. Ал көчөлөргө унаа токтотуу иш күндөрү 08:00дөн 20:00 чейин акылуу, айтымдарында 20:00дөн кийин дагы айрым адамдар тарабынан унаа токтотуучу жайлардан мыйзамсыз акча чогултуу фактылары болууда.

"Унаа токтотуучу жайга 15 мүнөт акысыз тургандан кийин акы төлөнөт. Муниципалдык унаа токтотуучу жайдын бирдиктүү тарифи 25 сомду түзөт. Ошондой эле биздин операторлор "Бишкек унаа токтотуучу жайлар" аттуу (жашыл) логотиби түшүрүлгөн атайын жилет кийген жана жанында атайын төш белгилери бар, алар төлөмдү тастыктаган штамп менен талонду бериши керек.

Муниципалдык унаа токтотуучу жайлар жарандар үчүн төмөнкү көчөлөрдө жеткиликтүү:

- Киев көчөсүнүн Жаш Гвардия бульварынан Кулиевге чейинки бөлүгү;

- Бейшеналиева көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Рыскулов көчөсүнө чейинки бөлүгү;

- Токтогул көчөсүнүн Жаш Гвардия бульварынан Ала-Арча дарыясындагы көпүрөгө чейинки бөлүгү;

- Кулиев көчөсүнүн Токтогул көчөсүнөн Чүйгө чейинки бөлүгү;

- Безымянный көчөсүнүн Юнусалиев көчөсүнөн Жукеев-Пудовкинге чейинки бөлүгү;

- Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Безымянный көчөсүнөн Сүйөркулов көчөсүнө чейинки бөлүгү;

- Сүйөркулов жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилиши;

- Юнусалиев жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилиши;

- Кулатов жана Матросов көчөлөрүнүн кесилиши;

- Сүйүмбаев көчөсүнүн Чүйдөн Огонбаевге чейинки бөлүгү;

- Исанов көчөсүнүн Чүйдөн Киев көсөсүнө чейинки бөлүгү;

- Ибраимов көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Токтогулга чейинки бөлүгү;

- Клубный тилкеси (Сары-Өзөн базарынын жанында);

- Курманжан Датка көчөсүнүн Жибек Жолунан Славянскийге чейинки бөлүгү;

- Токтогул көчөсүнүн "Мото" соода борборунун бөлүгү;

- Шопоков көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Жибек Жолуна чейинки бөлүгү;

- Бобулов көчөсүнүн Чүйдөн Пушкинге чейинки бөлүгү.

Урматтуу жарандар! Эгерде сиз төлөм талону бербеген жана компаниянын атайын кийимин кийбеген адамдарды жолуктурсаңыз, алардын аракети мыйзамсыз экенин унутпаңыз! Сиз унаа токтотуучу жай үчүн акча төлөөдөн баш тартууга укуктуусуз жана 102ге телефон аркылуу кайрылууну унутпаңыз", - деп билдиришти аталган мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
06.08.2021. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бишкек мерия айдоочуларды тоноп жатат. Атайын унаа токтотуучу жайлары жок эле, жолдун жээгин акча түшө турган жерге айландырып алышты.
06.08.2021. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
15 минут бекер дейт го аа
Парковшиктер унааны коёр замат акча сурашат го алдын ала
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: