Ош шаарына мэр болуп барганына 4 күн болду. Алмаз Мамбетов жумушун эмнеден баштады?
Мамлекеттик каттоо кызматынын экс-төрагасы, президенттин мурунку иш башкармалыгынын жетекчиси Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучусу болуп дайындалганына 4 күн болду. SUPER.KG порталы ал алгач эле иш күнүн эмне менен баштады, учурда кандай иштер менен алек болууда деген өңдүү суроолорго жооп алды.
Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын өкүлү Замира Ныязбекованын айтымында, Мамбетов бардык муниципалдык мекемелердин жетекчилери, бөлүм башчыларынан отчёт алууда.
"Бүгүнкү күндө Алмаз Мамбетов бардык муниципалдык мекемелердин жетекчилерин кабыл алып, алардын иш планын, буга чейин аткарылган жумуштарын жана келечектеги пландары боюнча жеке сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Мисалы, ар бир тармакты өзүнчө экономикалык тармак, чарба жана транспорт тармагын жана башкалардын ар бир жетекчисин кабыл алууда.
Мындан сырткары Ош шаарында болуп жаткан ири долбоорлор, аткарылып жаткан иштерди жеринен көрүп келүү максатында иштерди аткарып жатат. Ошондой эле курулуп жаткан социалдык объектилерге дагы барып көрүп келди. Ал эми суу маселеси боюнча Ак Буура дарыясында болуп жаткан долбоор менен таанышып, курулуп жаткан бала бакчаларга дагы барууда", - деп билдирди Ныязбекова.






1 |