Таалайбек Сарыбашов: "Бишкек жашыл шаар статусун бекемдейт"




Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов мэриянын аппаратындагы бөлүм башчылар менен жыйын куруп, ар бир тармак боюнча тапшырмаларды берди.
"Негизги иштерди жасай тургандар сиздер. Сиздерге чейин район акимдерин кабыл алдым. Алардын укуктарын кеңейтиш керек. Ар бири өз районундагы көйгөйлөрдү чечип, айрыкча тазалык, жашылдандыруу маселелерине жооп бериши керек. Ал эми сиздер ар бириңиздер өз тармагыңыздарда жоопкерчилик менен иш алып барыңыздар. Жаңы мэр келди, жаңы команда келет деп ойлобогула. Менин командам силерсиңер. Кыргыз жергесинде бардык маселени президентке жүктөп коюшат. Андай эмес, ар бирибиз өз функционалдык милдеттерибизди аткаралы. Шаардык мэрия мыкты иштесе элдин бийликке болгон, өлкө башчысына болгон ишеними артат. Демек, биз ишибизди мамлекет үчүн жасашыбыз керек", - деди мэр.
Сарыбашов буга чейин "жашыл шаар" аталган Бишкекти көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалык иштерине өзгөчө көңүл бурула турганын баса белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
10

Комментарийлер(1)
Asmat84

06.08.2021. 14:03
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ийгилик
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.