super.kg logo

"35 тонна күйүүчү май болгон". Жалал-Абадда бензовоз оодарылып кетип айдоочусу каза болду

 
Жалал-Абад облусунда күйүүчү май ташуучу унаа кырсыкка учурап, бир адам каза болду.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришкендей, кырсык Бишкек-Ош унаа жолунда катталган. Анда Freightliner үлгүсүндөгү күйүүчү май ташыган бензовоз унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай калып, жолдон чыгып сайга кулап түшкөн.
"Кырсыктын кесепетинен 60 жаштагы Б.Ж. аттуу айдоочусу каза болуп, 39 жаштагы жүргүнчүсү жабыркаган. Унаада 35 тонна күйүүчү май (солярка) болгон, төгүлгөн күйүүчү май Кара-Суу дарыясы аркылуу Нарын дарыясына кошулган.
Ал эми каза болгон адамдын сөөгү жана жабыркаган адам "Тез жардам" кызматы аркылуу Кара-Көл шаардык ооруканасына жеткирилген. Жерине Кара-Көл шаардык ӨКБдан 5 куткаруучу тартылып тактоо иштерин жүргүзүшкөн", - деп билдиришти ӨКМнын маалымат кызматынан.
Мындан сырткары ИИМдин кызматкерлери жана экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция кызматкерлери тарабынан тиешелүү иш-чаралары жүргүзүлүп жатканын кошумчалашты.





Жалал-Абад облусунда күйүүчү май ташуучу унаа оодарылып кетти

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
06.08.2021. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кандай эле дайыма бензовоз сайга кулап, майы сууга төгүлө берет, атайын жасалбайбы ушул иш, экологияга кандай гана зыян келип жатат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: