super.kg logo

Садыр Жапаров Борбор Азия өлкөлөрү коронавирус инфекциясы менен бирге күрөшүү үчүн бир катар сунуштарды айтты

 

Садыр Жапаров Түркмөнстандын Түркмөнбашы шаарындагы Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусунда сүйлөп жатып Борбор Азия өлкөлөрүнүн коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча өз ара кызматташуусун жакшыртууга бир катар сунуштарды айтты. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы биринчи кезекте Евразия экономикалык биримдиги жана Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин пандемияга каршы күрөшүүдөгү эл аралык кызматташтыгынын чыңдалышы жана кеңейтилиши илдетке каршы күрөшүү боюнча иштердин маанилүү аспектиси болуп калганын белгилеген.

Буга байланыштуу Садыр Жапаров өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу боюнча өзгөчө көңүл бурууну талап кылган бир катар сунуштарды, анын ичинде эмдөө маселелерин айткан.

"Кыргыз тарап коңшулаш өлкөлөрдүн салттуу медицина борборлорун түзүү, ошондой эле мындан ары саламаттыкты сактоо системасынын илимий-практикалык кызматташтыгын өнүктүрүү, анын ичинде медицинаны санариптештирүү, телемедицина, лабораторияларды куруу, кадрларды даярдоо, маалымат алмашуу, биргелешип жогорку натыйжалуу жана коомдук саламаттыкты сактоонун күчтүү системасын түзүү демилгесин колдойт. Ошондой эле COVID-19 боюнча тест жыйынтыктарын, сертификаттарын же эмдөө паспортторун өз ара таануу маселелерин чечүү зарыл.

Мындан сырткары мамлекет башчысы Кыргыз өлкөсү товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана жумушчу күчүнүн эркин жүрүүсүн камсыздоону, бизнеске социалдык-экономикалык жактан колдоо көрсөтүүнү, айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоону маанилүү деп эсептерин белгиледи.

Бул жаатта Садыр Жапаров эл аралык жүк ташууларды жүргүзгөн оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн жана медициналык талаптарды бирдей кылуунун зарылдыгына дагы бир ирет токтолду.

Сөзүн жыйынтыктап жатып президент Садыр Жапаров кыргыз тарап 2022-жылы кийинки консультативдик жолугушууну Кыргыз өлкөсүндө өткөрүүгө даяр экендигин белгиледи", - деп билдиришти аталган мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: