super.kg logo

"Алтын кендин казылышына каршы болушкан". Ош-Баткен-Исфана жолу ачылды

 

Буга чейин Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Өзгөрүш айылынын тургундары Ош-Исфана жолун жаап койгону тууралуу маалым болгон. Учурда аталган унаа жолу ачылды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Мекемеден билдиришкендей, Ош-Баткен-Исфана жолун тосуп турган жарандар менен Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен жолугуп, сүйлөшүүнүн негизинде тосулган жол ачылды.

"Унаа каттамы өз нугунда жүрүп баштады. Ал эми жергиликтүү элдин, убактылуу кармоочу жайда кармалып турган жарандарды бошотуу талабы боюнча териштирүү иштери жүрүп жаткандыгы, маселе мыйзам чегинде каралары айтылды.

Белгилей кетсек, 3-август күнү Лейлек районунун Катраң айыл аймагына караштуу Өзгөрүш айылында жергиликтүү тургундар Алмалуу тоосундагы “Апрельское АZI” алтын кенин иштетүүчү ишкананын ишмердүүлүгүнө нааразычылыктарын билдиришип, аталган ишкананын техникаларын талкалап, кызматкерлерин ур-токмокко алышкан. Мындан улам укук коргоо органдары тарабынан баш аламандыкты уюштурууга катышкан жарандар, убактылуу кармоочу жайга киргизилген", - деп жазылат маалыматта.

SUPER.KG порталына жергиликтүү тургун инвесторлор келип, тракторлорун алып келгенде айыл жашоочулары кайра артка кайтарганын, алар техникаларын дагы алып келебиз дегенде ызы-чуу чыгып, 30дай жергиликтүү тургунду камап алышканын айтып берген. Эл аталган жолго чыгып "кен казуу токтосун, камалган адамдарды чыгарып берсин" деген талап коюшканын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
07.08.2021. 02:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шордуу Кыргыз дагы алдандынбы?...?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: