Улукбек Марипов суткасына 5 тонна даяр азыкты өндүргөн Ысык-Көлдөгү ишканада (сүрөт)
















Ысык-Көл облусу экспортко багытталган мөмө-жемиш продукциясын өндүрүү жаатында чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Ысык-Көл облусунун Ананьево айылындагы жемиш ширесин жана кыямдарын өндүрүү боюнча "Этнопродукт" ишканасынын иши менен таанышууда билдирди.
Министрлер кабинетинен маалымдашкандай, Улукбек Марипов цехтерди көрүп чыгып, өндүрүштүк процесс менен таанышты. Компаниянын продукциясы Орусияга экспорттолот, ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 5 тонна даяр сырьену түзөрү белгиленди.
Улукбек Марипов ошондой эле мөндүрдүн кесепетинен айыл чарба өсүмдүктөрүнө залал келтирилиген Түп районунун Арал айыл аймагынын жер тилкелерин кыдырып чыкты. Тактап айтканда, 647 гектар арпа, 71 гектар буудай, 376 гектар эспарцет, 29 гектар картошка, 22 гектар сарымсак, ошондой эле 500 карагат көчөтүнө зыян келтирилген. Себүү иштерине 7 миллион 800 миң сомдон ашык каражат сарпталган.
"Быйыл нөшөрлөп жааган жамгырдын, мөндүрдүн, селдин кесепетинен өлкөнүн бир катар аймактарындагы дыйкандардын түшүмү жабыркады. Ал эми дыйкандар насыя алышкан. Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги келтирилген жоготуулар боюнча бардык маалыматты чогултуп, маселени чечүү боюнча сунуштарды бериши керек. Биз аларды банктар менен биргеликте карайбыз", - деди ал.
Министрлер кабинетинин төрагасы айыл чарбасындагы заманбап технологиялардын жана ыкмалардын ишке киргизилишинин маанилүүлүгүн белгиледи.
"Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги жана "Айыл банкка" пилоттук долбоор иштеп чыгуусу тапшырылды. Ага ылайык, ар бир облуста 10 гектар жер бөлүнүп, тамчылатып сугаруу ишке киргизилет. Биз агрардык сектордо тамчылатып сугаруу боюнча программаны кабыл алып, түшүмдүүлүктү жогорулатып жана ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу менен заманбап технологияларды ишке киргизүүбүз керек", - деп белгиледи ал.
Улукбек Марипов кошумчалагандай, агроөнөр жай комплексиндеги ишканаларды колдоо үчүн мамлекеттик финансы институттарынын тиешелүү насыялык программалары бар. Анын айтымында, райондун мыкты кара топурагы жана климаттык шарттары күн карама өстүрүүгө ылайыктуу.
"Өлкөнүн түндүк жана түштүк аймактарында өсүмдүк майын чыгаруучу 2 ишкана курушубуз керек. Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондуна бул багытты каржылоо сунушталды".
Министрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле Түп районунун Тасма айылынын тургундары менен жолугушту. Алар көп жылдан бери каражат бөлүнбөй жаткан жолдун курулушу боюнча көйгөйлүү маселени көтөрүштү. Келерки жылы аталган тилкени жолдорду куруу жана реконструкциялоо боюнча тийиштүү тизмеге киргизүү маселеси каралат.

