"Уурдоо учурунда сынган". Орхан Инандынын колуна операция жасалгандыгы айтылды
ФЕТОнун Орто Азиядагы өкүлү катары айыпталып жаткан "Сапат" билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инандынын колуна түрмөнүн ооруканасында операция жасалды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине анын жактоочусу Халил Ибрагим Йылмаз билдирген.
Маалыматка ылайык, Инандынын колу аны уурдоо учурунда сынган.
Белгилей кетсек, Түркиянын башкы прокуратурасы Инандыны 22 жыл, 6 айга эркинен ажыратууну талап кылууда.
Орхан Инанды ушул жылдын 1-июнунан бери дайынсыз болуп жаткан. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Орхан Инанды атайын операциянын негизинде колго түшүрүлүп, Түркияга жеткирилгенин кабарлаган.
Орхан Инандынын жоголушу боюнча окуянын хронологиясы менен шилтеме аркылуу өтүп тааныша аласыз.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Rifle_I

06.08.2021. 17:29
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бала чакасы эмне болуп жатты экен? Атасын камап сала беришет, үй-бүлөсү эмне болот эми ?
Asmat84

06.08.2021. 20:29
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Rifle_I,ач калат дейсиңби топтоп койгон да небере чебересине Чейин жетээрлик кылып.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.