super.kg logo

Дүйнөдө 177 өлкөдө колдонууга уруксат берилген. AstraZeneca вакцинасы тууралуу маалымат

 

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука айылында аскердик бөлүктүн жоокерлеринде коронавируска каршы вакцина алгандан кийин терс таасирлер байкалганы кабарланды.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, AstraZeneca вакцинасы аймактарга бөлүштүрүлүп, анын 4000 дозасы Жалал-Абад облусуна бөлүнгөн. Аталган облуста бүгүнкү күнгө карата 211 бейтап бул вакцина менен эмдөө алышканы белгилүү болду. Ал эми жалпы өлкө боюнча 1285 адам бул вакцина менен эмделгени маалымдалды.

Кыргыз өлкөсүнө Азербайжандан акысыз түрдө 40 миң доза AstraZeneca вакцинасы 16-июлда алып келинген. 31-июлда COVAX механизминин алкагында аталган вакцинанын дагы 226 миң 560 дозасы келип түшкөн. Өлкөгө алып келинген AstraZeneca вакцинасы аймактарга бөлүштүрүлүп, коронавируска каршы эмдөөгө колдунула баштаган.

Коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасы Улуу Британия жана швециялык AstraZeneca компаниясы менен Оксфорд универститетинин окумуштуулары тарабынан чыгарылган. Ошондой эле аталган вакцинаны Индия жана Түштүк Корея өлкөлөрү да өндүрүп келет. Бүгүнкү күнгө карата AstraZeneca вакцинасы менен эмдөө дүйнөнүн 177 өлкөсүндө жүрүүдө. Анын ичинде Европа биримдигине кирген өлкөлөрдө болжол менен 49 миллион адам эмделген. Ал эми Орто Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен Казакстан гана жакында эле аталган вакцинадан баш тартканын жарыялаган.

Ал эми март айында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлү Маргарет Харрис бул вакцинадан баш тартууга эч кандай негиз жок экендигин билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
06.08.2021. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Вакцина болбойт пайдасы жок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: