super.kg logo

Ысык-Көлдөгү саркынды сууларды тазалоочу курулмаларда абал начар. Муну Улукбек Марипов да көрдү

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө Чолпон-Ата шаарындагы саркынды сууларды тазалоочу курулмалардын абалы менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл районунда жаңы тазалоочу курулмаларды куруу жана техникалык жабдууларды алмаштыруу маселеси курч.

"Пайдалануудагы жабдуулар эскирген жана талап кылынган техникалык нормаларга дал келбейт. Шаарда заманбап талаптарга жооп берген тазалоочу курулмаларды куруу жана эс алуу жайларын, пансионаттарды жана башка жайларды канализация тутумуна кошуу маанилүү. Тазалоочу жайлардын абалы - шаардагы олуттуу маселелердин бири.

Биосфералык аймакта экологиялык коопсуздукту сактоо үчүн тармактык мамлекеттик органдарга жана президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө тазалоочу жайларды реабилитациялоо долбоору боюнча ишти тездетүү тапшырылды. Заманбап тутум түзүү зарыл", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: