Чолпон-Атада өткүн өтөт. 7-августка карата аба ырайы
Эртең, 7-августта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Чүй, Баткен облустарынын тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +16...+21, күндүз +31…+36;
Талас жергесинде түнкүсүн +13...+18, күндүз +30…+35;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +33…+38;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +23…+28
Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +23…+28;
Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +34…+36 градус болот.
Чолпон-Ата шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +14…+16, күндүз +24…+26 градуска чейин жогорулайт.

