Соцфонд: "Июль айында жөлөк пул жана пенсияга 4 миллиарддан ашык каражат сарпталды"
Ушул жылдын январь-июль айларында пенсия жана жөлөк пулга 29 миллиард 83 миллион 300 миң сом каржыланды. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, пенсия жана жөлөк пулга Бишкек шаарында 4 миллиард 746 миллион 900 миң сом сарпталды. Башка аймактар боюнча:
- Чуй облусу — 4 миллиард 471 миллион 900 сом;
- Нарын облусу— 2 миллиард 320 миллион 600 миң сом;
- Ысык-Көл облусу — 2 миллиард 653 миллион 200 миң сом;
- Талас облусу — 1 миллиард 203 миллион 300 миң сом;
- Ош шаары — 1 миллиард 45 миллион 700 миң сом;
- Ош облусу — 5 миллиард 326 миллион 700 миң сом;
- Баткен облусу — 2 миллиард 325 миллион 900 миң сом;
- Жалал-Абад облусу — 4 миллиард 989 миллион 100 миң сом.
Пенсия жана жөлөк пулдардын каржылануусу июль айына 4 миллиард 150 миллион 700 миң сомду түздү.

