super.kg logo

Садыр Жапаров Шавкат Мирзийоев менен жолугушту

 

Кыргыз өлкөсүнүн президенти Садыр Жапаров бүгүн, 6-августта Түркмөнстанда өткөн Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышуунун алкагында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев менен жолугушту.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы кызматташуунун актуалдуу маселелери жана соода-экономикалык, энергетикалык, маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүн тереңдетүү маселелери талкууланды.

"Садыр Жапаров эки боордош өлкөнүн дээрлик бардык тармактарын ичине камтыган кызматташтыгынын салттуу түрдөгү жогорку деңгээлин канааттануу менен белгиледи.

Ал көп кырдуу өз ара пайдалуу кызматташууну тереңдетүү, ошондой эле ынак коңшулук мамилелерди чыңдоо эки элдин узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына жооп берерин баса белгиледи.

Садыр Жапаров белгилегендей, ушул жылдын башында болуп өткөн иш сапарлар жана иш-чаралар, баарынан мурда анын Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапары мунун ачык далили болуп саналат.

Президенттин айтымында, жетишилген конкреттүү макулдашуулардын жыйынтыктары өлкөлөрдүн саясий эркин жана өзгөргүс позициясын билдирип турат. Мындан сырткары соода-экономикалык кызматташуу боюнча жакынкы жылдарда соода көлөмүн эки миллиард долларга чыгаруу милдети коюлган", - деп жазылат маалыматта.

Өз кезегинде Шавкат Мирзийоев эки тарап тең кызыкдар болгон бардык актуалдуу багыттар боюнча кызматташууну тереңдетүүгө даяр экенин билдирген.

Эки тараптуу жолугушуунун жыйынтыгында, тараптар эки өлкөнүн мамлекет башчылары тарабынан жетишилген бардык макулдашуулар биргелешкен аракеттер менен ишке ашырыларына өз ишенимдерин билдиришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: