Кыйноолордун алдын алуу Улуттук борборунун директору Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайынан кабар алды
Кыйноолордун алдын алуу Улуттук борборунун директору Бакыт Рысалиев Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына барды. Бул тууралуу аталган борбордун басма сөз кызматынан билдиришти.
Камераларга текшерүү жүргүзүлүп, 44 кишинин (анын алтоо аял жана бирөө өспүрүм) кармоодогу жашоо-шартына көңүл бурду.
"Кармоодогу айрым кишилер менен баарлашуу жүргүзүлдү. Анын катарында 2020-жылдын 9-октябрында "Ала-Тоо" аянтында массалык баш аламандыкты уюштурган деп айыпталган Жеңиш Молдокматов менен жолугушуу болуп өттү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө ал дарыгерлердин сунушу жана туугандарынын, кесиптештеринин, коомчулуктун өтүнүчү боюнча учурда ал тамак иче баштаганын айтты. Тышкы текшерүүнүн негизинде ал жалпысынан алсырап, арыктап калгандыгы байкалды", - деп жазылат маалыматта.

